"The Walt Disney" компаниясы белгилүү "Күлчү кыз" (Золушка) мультфильминдеги күлчү кыздын каардуу эжелери тууралуу толук метраждуу тасма тартууга киришти. Бул тууралуу аталган компаниядан жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.
Андагы маалыматка караганда, тасма музыкалык комедия жанрында тартылат. Анда күлчү кыздын эжелери тууралуу баяндалат. Тасмадан көрүүчүлөр окуянын жүрүшүн, эжелеринин тагдырын жана күлчү кыздын турмушка чыккандан кийинки окуяларына күбө боло алышат. Сценарий менен "Оскар" кино сыйлыгына талапкер болгон Кристен Уиг менен Энни Мумола иштеп жатышат. Тасманын продюсери Жессика Элбаум жана Уилл Феррел болмокчу. Ал эми тасманын режессёру жана тасма качан жарык көрө тургандыгы азырынча белгисиз.