Биз социалдык тармакта

Эльвира Сурабалдиева Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева казакстандык "Уақыт Көрсетеді" каналына маек берип жатып, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча пикирин билдирди.

Депутат журналисттин "Камчыбек Ташиев эмнеден улам кызматтан кетти?" деген суроосуна жооп берип жатып, мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатканы себеп болгонун белгиледи.

"Президент айкөл киши экен. Мүмкүн, эл алдында капа болгонун же кейигенин ачыкка чыгара албай жатат. Бирок ал кишиге кыйын. Өмүрлүк досу аны кызматтан кетирем деп аракет кылышып, ошол кадамдары үчүн ал Камчыбек Ташиевди жумуштан алганы негизги себеп", - деген депутат.

Элвира Сурабалдиева Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан