Биз социалдык тармакта

Сутка ичинде өлкө боюнча миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 1 миң 255 адам коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 255 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 10 миң 830 адам эмдөө алды", - деп билдиришти министрликтен.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан