Депутат: "Бакиевдердин иши боюнча жумушту токтотпоо керек"

"Бакиевдердин иши боюнча жумушту токтотпошубуз керек", - деп бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

"Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевди биз кыргыздын сотуна алып келүү боюнча иш-аракеттерди токтотпошубуз керек. Ошол күнү 80 жараныбыздын каны төгүлгөнүн унутпашыбыз зарыл. Бүгүнкү күндө Бакиевдин улутташтырылган мүлкү боюнча ортомчулар аралап жүрөт. Ачык мамлекетке өткөн мүлктөр кайтарылбашы керек. Бул прокуратуранын көзөмөлүндө болушу шарт", - деди ал.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул боюнча прокуратуранын эл аралык бөлүмү иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан