Башкы прокурор: "Садыр Жапаров жөнүндө кандай гана сөздөр айтылууда, бирок ал бизден кийлигишпөөнү суранды"

"Өлкө башчысынын ар-намысына шек келтирилген сөздөр айтылып жатат", - деп бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

"УКМКдан бизге президенттин укугун коргоңуздар деп тынбай каттар келип жатат. Бул боюнча мен мамлекет башчы менен сүйлөштүм. Президент өзүнө карата шылдыңдоо боюнча эч качан кийлигишпегиле, коомчулук таразалап алат деп айтты. Ал боюнча бир дагы коргоо иштерин жүргүзгөн жокпуз", - деди ал.

Бүгүн Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор отчёт берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан