Депутат Каныбек Иманалиев "Манас" аэропорту тышкы башкарууга бериле турганы боюнча маалымат каражаттары жазып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Маалымат каражаттары "Манас" аэропортун Татарстан алып жатат деп жазышууда. Биринчиден, бул сынактык түрдө алынат. Экинчиден, буга чейин Түркиянын атактуу компаниясы мындан 5 эсе кымбат сумманы айтканда бербей койгонбуз. Бул чоң ызы-чуу болот. Бул стратегиялык объект, муну эки адам чечпеши керек. Бул парламенттин макулдугу менен сынактык негизде чечилиши кажет", - деди ал.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Мирлан Бакиров бул маселе бүгүнкү күндө күн тартипте жок экенин белгиледи. "Стратегиялык объекттер боюнча мыйзам бар, ал ошол мыйзам менен каралат", - деди Бакиров.
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы депутат Кожобек Рыспаев стратегиялык объекттер сатылбай турганын айтты.