Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы коомдук камсыздандыруу департаментинин директору болуп Актан Балбаков дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгонун министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Актан Балбаков коомдук коргоо тармагында 2010-жылдан бери иштейт. 2014-жылдан тартып коомдук камсыздандыруу департаментинин бөлүмүн жетектеп келген.
Аталган департаменттин мурдагы директору Нурдөөлөт Базарбаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.