Нурдөөлөт Базарбаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович 1968-жылы 28-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Сары-Камыш айылында туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Жогорку билимдүү, 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.