"Жардам беришибиз керек". Искендер Матраимов жыйында насыя алган жарандардын маселесин кайрадан көтөрүп чыкты

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев отчёт берди. Анда депутат Искендер Матраимов насыя алып, аны төлөй албай жаткан жарандар тууралуу маселени кайрадан көтөрүп чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, өлкө боюнча 1 миллион адамдын насыясы бар.

"Мен насыя боюнча маселени 3-4 жолу көтөрүп чыктым. Кечээгиде эле бир окуя болду. Анда насыясын төлөй албагандар айыл өкмөтүнө барышып, өздөрүн өрттөй турганын, карызын төлөй албай жатканын айтышты. Улуттук банкка дагы сунуштар берилген, бүгүнкү күндө сунуштар каралбай жатат. Бир эле жообу бар "коммерциялык банктарга эч нерсе кыла албайбыз" дешет. Бирок бир жолу болуш керек да. Насыя алгандарга бүгүнкү күндө жардам беришибиз керек", - деди депутат.

Өз кезегинде Курманкул Зулушев мыйзамдын аткарылышын көзөмөл кыларын, камкордук мамлекет тарабынан көрүлүшү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан