Депутат Дастан Бекешев президент менен саламаттыкты сактоо министри уу коргошунду каякта кайнатып жатканын карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өткөн аптада өзүңүздөр билгендей, дүйнөгө шылдың болдук. Баа берип же текшеришибиз керек. Депутаттык комиссия түзөлү же комитетке тапшырма бериңиз. Коронавирус күчөп жатат. Биздин саламаттыкты сактоо министри уу коргошунду жарнамалады. Мүмкүн президент менен саламаттыкты сактоо министри уу коргошунду каякта кайнатып жатканын карап көрөлү. Резиденция бул мамлекеттик мекеме. Уу коргошунду ичүү туура болсо, анда аларга сыйлыктарды, наамдарды берели. Андай болбойт да. Дарыгерлер ойлорун ачык айта албай жүрүшөт", - деди Бекешев.