Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алар:
Бишкек шаары – 5;
Чүй облусу – 1;
Ош шаары – 1;
Ош облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4369 учур катталды, алардын ичинен 4285 медкызматкер сакайды.