Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурордун ишмердүүлүгү боюнча отчёту угулууда.
Анда депутат Рыскелди Момбековго сөз берилип, ал бул башка прокурордун отчёту экенин айтты.
"Бул башкы прокурордун эмес, башка прокурордун отчёту болуп калды. Өткүрбек Жамшитов жок, аралаштырып суроо берейин. Менин кесиптешим Дастан Бекешевди ИИМ октябрь окуяларына күбө катары чакырып жатышат. Көрүп билгениңизди айтып бериңиз деп. Дастан Бекешевдин көзү көрүп калды беле же анын көргөнүн булар көрүп калды беле? Муну кандай түшүнсө болот?", - деп сурады депутат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Дастан Бекешев чакырылган болсо, демек алардын маалыматы боюнча, ушул окуяга аралашып жүрсө керек. Мен мунун мыйзамдуулугун тактайын", - деди.