Өлкө боюнча коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн акыркы бир сутка ичинде 1 миң 435 адам өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 435 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 12 миң 265 адам эмдөө алды", - деп билдиришти министрликтен.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.