Орусияда мектеп жашындагы балдары бар бардык үй-бүлөлөргө 10 миң рублдан төлөнөт

Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу менен чыгып сүйлөп жатып, мектеп жашындагы балдары бар бардык үй-бүлөлөргө 10 миң рублдан төлөп берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

"Мен мектеп курагындагы балдар чоңойуп жаткан үй-бүлөлөргө дагы бир төлөм киргизүүнү сунуш кылам, тактап айтканда бардык мектеп окуучулары үчүн 10 миң рублдан берүү. Ошондой эле бул чараны жаңы гана мектепке бара турган балдарга жайылтууну сунуш кылам. Төлөм ата-энелер балдарын мектепке даярдоого үлгүрүшү үчүн августтун ортосунда берилиши керек", - деген Путин.

Ошондой эле ал толук эмес үй-бүлөлөрдө же ата-энеси ажырашып кеткен жана алардын бири алимент алууга укугу бар үй-бүлөлөрдө өсүп жаткан балдарды да колдоо керектигин айткан. 8 жаштан 16 жашка чейинки толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдарына айына 5 миң 650 рубль төлөнөөрү күтүлүүдө.

Андан сырткары Владимир Путин оор кырдаалда турган кош бойлуу аялдарга айына 6 миң 350 рубль төлөп берүүнү сунуш кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Arai92
2021-04-22 09:00:06
Сонунгоооо...
+4
asefsa
2021-04-22 09:07:31
Орус уйбулолоруно дегенине караганда, жарандыгы бар башка улуттун окулдоруно толонбойт окшойт
0
mira28
2021-04-22 11:16:47
asefsa,баарына эле толойт.Сен оруссун сен башкасын деп болбой эле толоп келе жататго.
+5
Belek1710
2021-04-22 11:34:00
mira28,Орусиянын жарандарына.
+1
JaneEr
2021-04-22 13:51:31
asefsa,у кого гражданство,не имеет национальность
+1
Kattaldym
2021-04-22 09:23:19
Биздикилер резиденцияда уу коргошун кайнатып атышат...
+2
Zumrudianka
2021-04-22 10:07:43
Kattaldym, соз чоп дары жонундо болгон жок, тоо десе бээ дейсинда
-4
Dembele84
2021-04-22 10:36:59
Ото сонун сунуш болуптур.Мындайды биздикилер ойлоно элек дагы болуш керек.Элди жей турган светтин баасын которуп,жер сууну сатуу менен алек!
+4
azimova90
2021-04-22 10:49:49
Биз былтыры алганбыз 20 миң рубль.
+3
bond02
2021-04-22 10:57:00
Жакшы сунуш, Путин президенттик шайлоого даярданып жатат го дейм.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан