Орусияда Алексей Навальныйды колдоп чыккан эки миңге жакын киши кармалды

Орусиянын Москва баштаган ондогон шаарларында оппозиция лидери Алексей Навальныйды колдогон нааразычылык акцияларында кармалган адамдардын саны 1700дөн ашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, эң көп козголоңчулар Санкт-Петербург шаарында кармалган.

Демонстрациялар Навальный жетектеп келген "Коррупцияга каршы күрөшүү" фондун экстремисттик уюм катары жабуу тууралуу бийликтин чечиминен кийин башталган. Аталган фонд президент Владимир Путин баштаган бир катар жогорку кызматтагылардын көмүскөдөгү байлык-мүлкүнүн бетин ачкан видео иликтөөлөрдү жарыялаган.

Акциялар башталганга чейин эле Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" юристи Любовь Соболду полиция кызматы кармап кеткен. Көп өтпөй Ярмыш элди мыйзамсыз митингге үндөгөнү үчүн он суткага камалганы, ал эми Соболь бошотулганы айтылган.

Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан