Биз социалдык тармакта

"Эмдөөдөн өткүлө". 94 жаштагы академик Мамбет Мамакеев коронавируска каршы Спутник V вакцинасын биринчилерден болуп алды

Медицина илимдеринин доктору, академик, "Гиннесстин рекорддор китебинин" дипломунун ээси Мамбет Мамакеев 94 жаш курагында COVID-19 оорусуна каршы эмдөөдөн өттү. Ал бүгүн Бишкек шаардык №7 үй-бүлөлүк медицина борборуна келип, кечээ эле өлкөгө келген Спутник V вакцинасын биринчилерден болуп алды.

“Эпидемиологиялык абал начарлап жатат. Оорудан өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Дүйнөлүк медицина өнүккөнүнө карабай COVID-19 оорусуна каршы эффективдүү дары табылбай келет. Мындан улам эселеп лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарды алып, бул жугуштуу оорунун алдын алууга болот”, - деди академик.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекованын айтымында, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна Спутник V вакцинасынын 2500 дозасы бөлүнүп берилген.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Орусия Кыргыз өлкөсүнө Спутник V вакцинасын гранттык негизде берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-04-23 21:18:43
биздин медиктерде перчатки жок окшойт
+2
Rusbayastan
2021-04-23 22:11:03
Маска кийгени менен кол кабы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан