Биз социалдык тармакта

Орусиядан келери күтүлүп жаткан "Спутник" вакцинасы өлкөгө жеткирилди

Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз өлкөсүнө орусиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келери күтүлүп жаткан. Учурга карата медициналык жүк өлкөгө жеткирилгенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, вакцина гранттык негизде берилди.
"Манас" аэропортуна келген жүктү тосуп алууга биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко катышты.
Буга чейин Артём Новиков менен Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусу болгон. Анда Кыргыз тарап "Спутник V" вакцинасын расмий каттаганы, вакцинаны эмдөө программасына киргизүүгө жана вакцинаны республика аймагына ташууга даяр экендигин белгилеген. Ал эми коңшу тарап жакын арада Кыргыз калкы үчүн Спутник V вакцинасын жеткирип баштоого даяр экендигин ырастаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан