Ачкачылык жарыялаганына 24 күн болгон Алексей Навальный бул "жоругун" токтотот

Мындан 24 күн мурда ачкачылык жарыядаган орусиялык оппозиционер Алексей Навальный ачкачылыкты токтоторун жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирүү калтырган.
Навальный мындай чечимин дарыгерлердин билдирүүсү менен түшүндүргөн. Тагыраагы, медицина кызматкерлери андан өлүмгө алып келүүгө мүмкүн болгон ачкачылыкты тезинен токтотууну суранышкан.
"Рахмат силерге. Азыр мени жарандык дарыгерлер кеңеши эки жолу карады. Акыркы жолу митингдин алдында болгон. Алар изилдөөлөрдү жүргүзүп, анализ алып, натыйжаларын жана тыянактарын мага беришет. Мен доктурларга толугу менен ишенем. Алардын сунушу менен мен ачкачылыкты токтоттум", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Алексей Навальный 31-март күнү ачкачылык жарыялаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2021-04-24 02:50:52
24 кундо ачкадан олбогондон кийин башка вариантка баруу керек го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан