Астробиологдор Марстын ичи микробдордун жашоосун кубаттап, аны энергия жана бардык керектүү заттар менен камсыз кыла тургандыгын аныкташты. Бул тууралуу Astrobiology журналына жарыяланган макалага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, адистер Марстан жерге кулап түшкөн метеориттердин химиялык курамын талдап чыгышкан. Көрсө, бул тектер эгерде алар суу менен дайыма байланышта болушса, микроорганизмдердин жашоо тиричилиги үчүн маанилүү кошумча өнүмдөрдү чыгара алышат. Маалыматтар кызыл планетанын ички бөлүгүнүн көпчүлүгү тирүү жандыктарга ылайыктуу деп болжолдойт.
Мүмкүн болгон реакциялардын биринин - радиолиздин жүрүшүндө тоо тектериндеги радиоактивдүү элементтер суу менен реакцияга киришет, ал суутек менен кычкылтекке чейин ажырайт. Суутек жер астындагы калган сууларда эрийт, ал эми пирит сыяктуу минералдар бош кычкылтекти сиңирип, сульфат минералдарын түзөт. Микробдор эриген суутекти отун катары сиңирип, сульфаттарда сакталган кычкылтекти колдонуп, бул отунду “өрттөп” жиберишет.
Изилдөөнүн жыйынтыгында, торий, уран жана калий сыяктуу радиоактивдүү элементтер Марстын метеориттеринин бир нече ар кандай түрлөрүндө, ошондой эле сульфаттарга айландырыла турган сульфиддүү минералдарда жана сууну кармоо үчүн жетиштүү мейкиндиги бар тоо тектеринде бар экендиги аныкталды. Бул Марста жашоо болушу үчүн ылайыктуу шарттар болушу мүмкүн экендигин тастыктады.
Белгилүү болгондой, илгери Марста жер алдындагы суунун активдүү тутуму болгон жана бүгүнкү күндө жер астындагы суулар бар деп айтууга негиз бар.