Түркмөнстанда Алабай майрамын жана түркмөн жылкысынын улуттук күнүн белгилөөнүн алкагында уюштурулган "Жылдын эр жүрөк түркмөн Алабайы" сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Белгилүү болгондой, иш-чара "Түркмөн Алабайы" эл аралык ассоциациясынын комплексинде өткөн. Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген он Алабай ити катышкан.
Калыстар тобуна жана коомчулукка Алабайдын лакап аты, жашы, ээси тууралуу маалыматтар берилген. Андан сырткары Алабай тукумундагы иттерге тапшырмалар берилип, мелдеш өткөрүлгөн. Калыстар тобу алардын сырткы келбетине гана эмес, тайманбастыгына жана шамдагайлыгына баа беришкен.
Түркмөнстандын Эл сүрөтчүсү Сарагта Бабаев төрагалык кылган калыстар тобунун чечими менен "Жылдын эр жүрөк түркмөн Алабайы" наамы Мамлекеттик чек ара кызматына таандык Алабай Акханга ыйгарылган.
Сыйлыкты тапшыруу аземине вице-премьер-министр, парламенттин төрагасы, "Түркмөн Алабайы" эл аралык ассоциациясынын башчысы Сердар Бердимухамедов тапшырды.
Жеңүүчүгө атайын медаль тапшырылып, чек ара кызматынын өкүлүнө Түркмөнстандын президентинин баш байгеси - Тойота унаасынын ачкычы жана Кубок тапшырылды.