29-апрель күнү АКШнын Калифорния штатындагы Мохаве чөлүндөгү аэрокосмостук порттон дүйнө жүзүндөгү эн ири "Stratolaunch Model 351" учагы экинчи ирет абага ийгиликтүү көтөрүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эң ири учак абада үч саат жүргөн жана учак 4 миң метр бийиктикке көтөрүлүп, 320 чакырым\саатка чейин ылдамдыкта учкан. Учак тесттик учуудан ийгиликтүү өтүп, күтүлгөн бардык натыйжаларга жетишилген.
"Stratolaunch Model 351" учагын уникалдуу кылган нерсе анын көлөмү. Учактын канаттарынын узундугу 117 метр жана учакта 6 кыймылдаткыч бар. Ошондой эле учактын узундугу 73 метр. Учактын салмагы 250 тонна жана учак абада 226 тоннаны көтөрүп уча алат.
"Stratolaunch Model 351" учагы эң алгач 2019-жылдын 13-апрелинде абага көтөрүлүп, ийгиликтүү конгон.