28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуган. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.
Соңку маалыматтарга ылайык, ок атышуунун натыйжасында, азыркы учурга карата 154 адам жабыркап, 31 адам каза болду.
29-апрель күнү кечке жуук эки тараптын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, саат 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашууларга жетишилгени белгилүү болуп, бирок ок атышуу түн ортосуна жакындаганда гана басаңдаганы айтылды.
Ал эми кечээ, 30-апрелде ок атышуулар Лейлек районунун кээ бир айылдарында уланып, Тажик жарандары бир нече үйдү өрттөп, бир нече үйдү сүрдүрүп жатышканы кабарланды.
Чек арадагы учурдагы абал тууралуу акыркы маалыматтарды ушул кабардан окуп турсаңыз болот.
Чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки өлкөнүн өкүлдөрү биргеликте туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү үчүн тараптардын күчтөрү жайгашкан жерлерди кароо иштерин баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз борбору билдирди.
"Саат 18:15ке карата абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда", - деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 1-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү болду.
Бүгүн, 1-майда эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегация төрт пункттан турган протокол кабыл алышты. Кабыл алынган протоколдогу чечимдер аткарыла турганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу жолугушуудан чыгып, журналисттерге комментарий берип жаткан учурда айтты. Айтымында, бардык атышуулар толугу менен токтоп, аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилген.
"Биз бүгүн жолугуштук. Анда төрт пункттан турган протокол түзүлдү. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Ооба, бүгүн биздин эл жана коңшу эл өтө оор учурду башынан өткөрүп жатат. Бизде трагедия болду, окуяны эки элдин таргедиясы деп айтсак болот.
Бул учурда бизге жолугуп, сүйлөшүу да кыйын болуп жатты. Бирок ага карабай, эки өлкөнүн башчыларынын бүтүмү менен биз жолугушуп, бардык атышууларды толугу менен токтотулуп, бардык аскердик техникаларды жайларына алып кетүү чечилди. Мындан ары коңшуларыбыздын аракеттери жана биздин аракеттерибиз менен өлкөлөрдө, айрыкча чек ара аймактарында тынчтык жана бейпилдик орнойт", - деди Ташиев.
Бүгүн, 1-майда Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Согдий ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навжувонов менен жолугушуп, чек ара аймактардагы болуп жаткан абалды турукташтыруу максатында сүйлөштү.
Чек аралаш аймактардагы жарандардын коопсуздугун сактап, коомдук тартипти жөнгө келтирип, укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелерди талкуулады.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу тажиктер тарабынан жабылган жол ачылды. Маалымат Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Баткен облусунда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды.
Анда эки тарап мындан ары эл дайымкыдай тынчтыкта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт деген бүтүмгө келишкен.
"Биз бүгүн жолугуштук. Анда төрт пункттан турган протокол түзүлдү. Анда эки тарптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Ооба бүгүн биздин эл жана коңшу эл өтө ор учурду башынан өткөрүп жатат. Бизде таргедия болду. Бул учурда бизге жолугуп сүйлөшүу да кыйын болуп жатты. Бирок ага карабай биз жолугушуп, баарык атышууларды токтотуу, техникаларды алып чыгып кетүү тууралуу сүйлөштүк. Буйруса баары тынч болот деп үмүт кылабыз", - деди Ташиев.
"Бүгүн бизде курч сүйлөшүү болду. Чек ара аймактарындагы болгон тррагедия мындан ары эч качан кайталанбашы керек. Анткени бул тилкелерде биздин элдер мурунтан бери жашайт. Алар абдан дос, алар бири-бире айып койбошу керек. Биз баардык суроолорду мүмкүнчүлүккө карап достукта чечебиз. Биз бүгүн суроолорду талкуулап жатып принциаплдуу макулдашууга келдик. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Мен биз муну кыла аларыбызга ишенем, биз бат аранын ичинде баардык көйгөйлүү маселелрди чечебиз жана биздин эл дайымкыдай тынчыткта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт", - деди Саймумин Ятимов
Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүнү талап кылышууда.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай талаптарды аткаруу мүмкүн эместигин, анткени мындай иш оор кесепеттерге алып келерин белгилейт.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле чек ара түзүмдөрүнүн эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын өкмөттөн маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы саат 15:00гө карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.
Маалыматта бүгүн, 1-майга карата чыр чыккан аймакта абал курч бойдон калып жатканы айтылат.
Анда Тажикстан кошумча күчтөрдү жана техникаларды чек арадан чыгарып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузганы белгиленген.
Билдирүүгө караганда, тажик тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын чек арага киргизүүнү токтото элек.
Мындан сырткары коңшу тарап Көк-Таш айыл аймагы тарапка мезгил-мезгили менен өтүп бара жаткан унааларды аткылап жатат.
Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев 13:35те сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кеткени да кабарланды.
Баткен облусунун Лейлек районунда азык-түлүк аз, жол жабык. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, Лейлекте саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иштеп жатат.
"Учак менен гана азык-түлүктү жеткире алабыз. Кечээ премьер-министр учак менен гана жеткирүү боюнча тапшырма берди. Жарандарыбыз тоого качып кетишип, ал жакта жашап жатат. Бир үйдө 5тен 8 үй-бүлөгө чейин жашап жатышат. Алар дагы кыйналууда", - деди ал.
Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.
Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова чек ара чырында курман болгондордун ысымдарын атады.
1.Эсентур Кубанычбеков , аскер, 1991-жылы туулган
2. Бекзат Юлдашев, аскер, 1991-жылы туулган
3. Нурсултан Манасбек уулу, аскер, 1992-жылы туулган.
Баткен облусунун жашоочулары:
1. Махамадрасул Сайдаров, 1985-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
2. Мадина Рахматжанова, 2008-жылы туулган, Кулунду айылынын тургуну;
3. Баяман Абдрахманов, 1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
4. Сагын Каратаев , 1977-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
5. Сүйүн Тагаев , 1969-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
6. Алтынбек Каработоев, 1982-жылы туулган, Кадамжай шаарынын тургуну;
7. Рашид Үсөң уулу , 1973-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
8. Жамшит Ганиев , 1990-жылы туулган, Чет-Булак айылынын тургуну;
9. Дастан Нурумбаев , 1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын жашоочусу;
10. Мидин Махмадали уулу, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
11. Уланбек Мусаев, 1991-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
12. Чынгыз Темирбаев, 1995-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
13. Салим Бактияров, 1963-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну;
14. Тынчтыкбек Эргешали уулу, 1991-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
15. Турдубай Саттаров, 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
16. Медербек Камчиев, 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;
17. Жаркынбек Аманов, 1988-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
18. Мурзабек Абдурахманов, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
19. Султанбек Абдывахап уулу, 2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;
20. Өмүрбек Бахридем уулу, 2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;
21. Мооланбек Тажибаев, 1990-жылы туулган, Жаңы-Жер айылынын тургуну;
22. Алижан Тагайбаев, 1990-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
23. Дөөлатбек Жигитали уулу, 1998-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
24. Исманов Тойчубек, 1958-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;
25. Шухратбек Зикиров, 1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын тургуну;
26. Шумкарбек Арыпбай уулу;
27. Аманидин Асанов, 1972-жылы туулган.
Солтонбекованын айтымында, калгандарынын аты-жөнү тактала элек.
Бүгүн, 1-майда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Анда 100гө жакын адам чогулган.
Алар бийлик өкүлдөрүнөн курал-жарак берүүсүн талап кылышууда.
"Баткендеги биздин жерлерге тажиктер өз желектерин илип алышыптыр. Бизге курал-жарак берилишин талап кылабыз. Мекен үчүн баарына даярбыз", - деп билдирди митингдин катышуучусу.
Кыргыз күч түзүмдөрү жарандарды кооптуу деп Көк-Таш айылына киргизбей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жергиликтүү тургундар билдирди.
Белгилүү болгондой, бир нече жаран өздөрү жашаган айылга өтө албай, Баткен шаары менен Көк-Таш айылынын ортосунда турушат.
"Көк-Ташка барсак унаалар өтүп жаткан, биз баргандан аз убакыттан кийин бир жүк ташуучу унаа менен балдар жана аялдарды алып келишти. Андан кийин жол жабылды деп эч кимди өткөрбөй коюшту", - деди тургундардын бири.
"Жеке-Терек айылында 17 үй болсо баарын өрттөп алышты. Жол каттамы токтоду. Бийликтегилер жолду ачышы керек", - деди чогулгандардын дагы бири.
Лейлек районунун айылдарына гуманитардык жардам аз санда барып жаткандыктан бардык элге жетпей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жергиликтүү тургундардын бирине байланышканыбызда билдирди. Анда ал качкын эл көп болгондуктан керектүү эң негизги нерселер жалаяк, тамак-аш, дары-дармектер, жылуу кийим жетишсиз санда экендигин айтты.
"Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургуну болом. Маргун айылына качып келгенбиз. Бул жакта 10 миңдей качкын бар. Гуманитардык жардам келип атат бирок азыраак келип атабы же биз көрбөй жатабызбы. Эл бул жакта аябай көп, жетпей сурагандар көп. Эл ток пейил, жардам берип аткандарга рахмат. Ушуга да шүгүр деп бөлүшүп жеп атабыз. Айылдын аялдар комитетти өздөрү издеп памперс жана башка керектүүлөрдү алдыртып жатышат. Ооруп аткандар көп, балдар ыйлап атышат. Бизге керектүү эң негизги нерселер памперс, тамак-аш, дары-дармектер. Булардын бардыгы барыбызга жетпей атат", - деди Леклектин тургуну.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бүгүн саат 12.45ке карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалуу абалында экендигин маалымдады.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында тажик аскер кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын турак жайларына ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган.
Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешкени айтылды.
Баткенде чек арадагы кагылышууда курман болгон прапорщик Бекзат Юлдашевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу анын жакын тууганы Рохила Юлдашевага байланышканыбызда билдирди.
"Бекзаттын сөөгү бүгүн саат 10:00дө Исфана шаарында жерге берилди", - деди Юлдашева.
Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында 1990-жылы 11-майда туулган.
Бүгүн, 1-майда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Анда эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти.
1-майга карата чек ара чырынан дагы 2 адам каза таап, бир адам жарадар болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жеринен кабарлады. Айтымында, каза болгон жарандардын бирөө 1966-жылы төрөлгөн, экинчи жаран 1991-жылы туулган.
"Чыр чыккан чек ара тилкесине Бишкек шаарынан келген эки "Тез жардам" унаасын азыр жөнөттүм. Каза болгон эки жаранга бүгүн болгон чырда ок тийген, алар ооруканага жетпей каза болгон", - деди министр.
Каза болгон жарандар Интернационал айылынын тургундары болушкан.
Лейлек районуна чектеш Тажикстандын Коргончо айылында тажик жоокерлери окоп казып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Лейлектин тургуну билдирип, видео жиберди.
"Самат айылынан өткөндөн кийин Коргончо деген айыл бар. Кыргыз өлкөсү менен чектешет. Ошол айылдагы дөңсөөдө тажик жоокерлери окоп казып жатышат. Дөңсөөнүн этегинен кыргыздын жолу өтөт. Ал жерге снайпер жайгашса жолдон өткөндөрдү атууга ыңгайлуу болуп калат. Ошондуктан айыл тургундарын, ушул жолдон өткөндөрдү абайлап жүрүүгө чакырам. Видео бүгүн, 1-майда 10:50дө тартылды", - деди тургун.
Баткен облусунун Жаштык айылына тажик аскерлери кирип келип жатканын айтып, агасы, иниси жана классташтары айылды коргоо үчүн кеткенин аталган айылдын тургуну билдирип, жергиликтүү тургун видео жөнөттү.
Видеодо "Кана, кыргыз армиясы, бул жерге келип карабайбы? Бүгүн, 1-май келгиле, жигиттер, өзүбүздүн айылды коргойлу" дегендерин угууга болот.
Ошондой эле жергиликтүү тургундардын колунда эч кандай курал жок экендигин кошумчалады.
Тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толугу менен жаап салды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11: 30га карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу курч мүнөздө.
Аскер техникасынын кыймылы Тажикстандын аймагындагы тажик-кыргыз чек арасында байкалды.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда курман болгон 29 жаштагы капитан Нурсултан Манасбек уулу бүгүн, 1-майда өзү туулуп-өскөн Аксы районунун Дейрес-Сай айылында жерге берилди.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 1-майда кырдаал оор болгон Лейлек районундагы Максат, Кулунду жана Интернационал айылдарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы бардык маселелер талкууга алынды. Жергиликтүү калк милиция менен бирдикте коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен иш пландар белгиленди.
Баткенде Тажик аскерлердин аткан огунан каза болгон Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну Мадина Рахматжанованын апасы менен сиңдисине операция жасалды.
Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабеков менен байланышканыбызда белгилүү болду. Дарыгердин айтымында, жабырланган эне баланын абалы азыркы тапта канаатандыраралык.
"Акыбалдары стабилдүү. Эне-кыздын буттарына ок тийип, булчуң эттерин аралап өтүп кеткен. Алар кадимки сүйлөп жатышат", - деди Жумабеков.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Тажикстан Республикасынын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамро менен Баткен облусундагы кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар чек ара аймактарында коомдук тартипти орнотуу, ар кандай укук бузууларды алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кыргыз жана тажик милициясынын кайгуул-күзөт кызматын уюштуруу тууралуу пикир алмашышты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, 29-30-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Ошондой эле куралдуу кагылышуу тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.
Тажик оппозиционери Мухиддин Кабири чек арадагы абал боюнча үн катып, анда эң оор күндөрү кыргыз эли тажиктерге жардам колун сунганын тажик эли эч качан унутпаарын баса белгиледи.
"Бул жерде кыргыз элинин да, тажик элинин да кымындай күнөөсү жок. Бул жерде айып чек ара маселесин ушул убакка чейин чечпеген, чечүүнү каалабаган саясатчыларда жана дипломаттарда. Алар улам кийинкиге калтырып, эки тарап тең популизм менен алектенип, жеке кызыкчылыгын алууну каалган. Эгер алар ушул чатакка чейин маселелерди чечкилери келсе, эбак эле чечишмек. Экономикалык жактан да, саясий жактан да Тажикстанда абал оорураак. Бирок азыр кеп бул тууралуу эмес. Азыр биз бул чатакты жөнгө салууга кантип көмөк көрсөтө аларыбызды ойлошубуз керек. Болгондо да уруш талаасында эмес, тынч, дипломатиялык жол менен чечилиши керек.
Тажик эли, жеке мен, менин тарапташтарым, дегеле жарандык согушту кечиргендердин баары - тажиктерди элдештирүү сүйлөшүүсү Бишкекте өткөнүн эч качан унутушпайт. Эң оор күндөрү кыргыз эли миңдеген тажиктерди башпааналатып алганын унутпайт", - деген Кабири.
Кабири Тажикистандагы оппозициячыл Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери. Анын ишмердигине тажик бийлиги тыюу салгандыктан алты жылдан бери чет жакта жүрөт.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар Кулундадан Исфанага көчүрүлүп жатат. Ал эми азыркы тапта официалдуу каза болгон жарандардын саны 31. Мындан сырткары ооруканага жетпей эле каза тапкан жарандардын денеси муздай электе көмүп салган учурлар да болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берип жаткан учурда билдирди.
Анын айтымында, Кулунду айылындагы оорукана чек арага жакын жайгашкандыктан, кооптуулугу эске алынып жабылган.
"Исфанадагы ооруканада жаткандардын абалы канааттандырарлык, дагы экөө Баткенде оор абалда реанимацияда жатат. Акыркы сан боюнча жалпысынан 154 жабырлануучу (алардын арасында аялдар жана балдар бар), 31 жаран каза болгон", - деди ал.
Ал эми "Статистикада кагылышуудан каза тапкандардын саны алда канча көп экенин жергиликтүүлөр маалымдап жатышат. Алар чыныгы өлгөндөрдүн саны айтылбай жатат деген тынчсыздануусун билдиришүүдө. Сиз азыр дал ошол чыр болгон райондордун бири Лейлекте экенсиз, жарандардын айткандары негиздүүбү?", - деген суроого Бейшеналиев төмөнкүдөй жооп узатты.
"Каза болду делген 31 жаран ооруканага келип түшкөн жарандар. Ал эми ооруканага алып келбей деле көмүп коюшкан учурлар болушу мүмкүн. Анткени каза болгон жаран болсо алар маркумдун денеси муздай электе эле жерге берүүнү оң көрүшөт".
Ал белгилегендей, жабыркап бейтапканада жаткандар дары-дармектер менен камсыз болуп жатат.
Бүгүн, 1-май саат 9:00гө карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган аймакта түндө ок атышуу катталган жок.
"Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Ош-Исфана унаа жолу, Жака-Өрүк, ошондой эле жергиликтүү Төрт-Көчө жолдору тазаланып, ачылды.
Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны көзөмөлдөөдө", - деп жазылат маалыматта.