Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырга байланыштуу 7 кылмыш иши козголду. Маалыматты SUPER.KG`ге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттер аралык комиссия түзүлүп, аталган кылмыш иштерин иликтөө башталды.
"Чек арадагы окуяларга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын ортосунда атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын катарына эки өлкөнүн Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Аскер прокуратурасынын 21ден кызматкери кирди.
Азыркы учурда "адам өмүрүнө кол салуу", "улуттар аралык кастыкты козутуу" сыяктуу беренелер боюнча жалпы 7 кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Эки тарап өз аймагындагы болгон мыйзам бузууларды аныктап, тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.
18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылды.