Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу чарасын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев өкмөт башчыга Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган ок атуу боюнча маалымат берди. Премьер-министр жашоочулардын коопсуздугун сактоо, чек араны коргоо жана кайтаруу боюнча чараларды күчөтүү керектигин белгиледи. Абылгазиевдин ташырмасы менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна бармай болушту.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атуудан чек арачы каза болду.