10 миңден ашуун кылмыш иши тараптардын толук келбегенинен улам Башкы прокуратурада жатат
Жогорку Кеңештин Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети
21-октябрдагы жыйынына “КРнын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү” боюнча
мыйзам долбоорун биринчи уктурууда колдоду. Депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун
сунуштаган мыйзам долбоорунда Кылмыш-жаза кодексинин 251, 259 жана 265-беренелерине
өзгөртүүлөр киргизилген. “10 миңден ашуун кылмыш иши тараптардын толук
келбегенинен улам Башкы прокуратурада жатат. Соттук процесстерге тараптардын
келишин ички иштер органдары камсыз кыла турган өзгөртүү киргизүүнү сунуштайм.
Башкы прокуратура кайсы орган иликтөөнү жүргүзсө, ошол орган тараптардын толук
катышуусун камсыз кылсын деген сунушун айтып жатат”,- деди Шайназаров.