Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспекти менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде автобус катышкан жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.
Айта кетсек, бүгүн, 28-октябрда №5 каттамдагы автобус SsangYong Rexton үлгүсүндөгү унаа менен кагылышты. Андан соң жеңил унаа Subaru үлгүсүндөгү унааны сүздү. Кырсыктын кесепетинен SsangYong Rexton унаасынын айдоочусу жана автобустун бир жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди.
Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-октябрда да автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн жол кырсыгы катталды.