Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты.
Ал чейрек финалда америкалык балбан менен кез келип, 6:3 эсебинде утуп алды. Жуманазарова буга чейин индиялык атаандашын 5:1 эсебинде жеңген болчу.
Жуманазарова 68 килограмм салмак ченинде күч сынашууда.