Кыргызстанда 418 миңден ашуун киши мамлекеттен жөлөк пул алат

Кыргызстанда 2013-жылдын 1-октябрына карата 418 миңден ашуун киши мамлекеттен жөлөк пул алат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстандын жашоочуларынын 6 пайызы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул алышат Өткөн жылга салыштырмалуу бир айга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 52,6 пайызга 472,8 сомго жогорулаган. Мындан сырткары 73,1 миң киши ай сайын социалдык жардам катары 2409,8 сом алат. Жыл башынан бери мамлекеттик казынадан 3 миллиард 164,1 миллион сом бөлүнүп, анын 1 миллиард 579 миллион сому аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилсе, 1 миллиард 567,1 миллион сом социалдык жөлөк пул катары берилген. 1-ноябрдан тартып жөлөк пул 580 сомдон 640 сомго чейин жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан