Өзбекстанда 8-кабаттан секирүүгө аракет кылган 51 жаштагы аял куткарылды

Өзбекстанда 8-кабаттан секирүүгө аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-майда Өзбекстандын Бухара шаарында 51 жаштагы аял 8-кабаттын терезесинен секирүүгө аракет кылганы жатканда милиция кызматкери куткарып калды.

Видеодон көрүнгөндөй, инспектор алгач аялды мындай кадамдан кантип баш тартууга аракет кылгандыгы көрсөтүлгөн. Андан кийин ал терезеден ыргытылган кыш кантип кулап түшөрүн көрсөтүүгө аракет кылып, аялды кармап терезеден тартып алган.

Учурда ага медициналык жана психологиялык жактан жардам көрсөтүлүп жатканы жазылат маалыматта.

Айта кетсек, аял жан дүйнөсүндө болуп жаткан көйгөйлөрдөн улам өз жанын кыйгысы келген.

Өзбекстанда 8-кабаттан секиргени жаткан аял куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан