Президент Атамбаев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директорун кабыл алды
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 21-октябрда Бүткүл дүйнөлүк
банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Сарож Кумар Жаны кабыл алды.
Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жолугуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк банк менен кызматташуусундагы ар тараптуу маселелер талкууланды. Өлкө башчы аталган өнүгүү институту менен алаканын маанилүүлүгүн белгилесе, Сарож Кумар Жа Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын 2013-2017-жылдар боюнча улуттук стратегиялык өнүгүү программасындагы айрым долбоорлорду каржыларын билдирип, Ак илбирсти сактоо боюнча форумга катышуу үчүн келгенин кошумчалады. Жолугууга Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Александр Кремер да катышты.