Быйыл 9 ай ичинде Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 4 733 бала бар экени белгилүү болду. Муну 21-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 566 балага күбөлүк алуу үчүн тийиштүү жардам берилиптир. Жыл башынан бери 1 746 бала ар кандай жумуштарда иштегени, 79 бала үй-бүлөдө зомбулукка кабылганы, 14 бала жыныстык кордук көргөнү айтылды.