Өлкө башчы Садыр Жапаров эртең, 5-майда ушул жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, кыргыз элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.
"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Иш-чара саат 10:00дө түз эфирде көрсөтүлөт.