Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 19-20-май күндөрү Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирген.
Иш сапардын алкагында, эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуулары тар жана кеңейтилген форматта өтөөрү белгилүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине саясий диалогду андан ары чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү менен казак-тажик стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү кирет.
Аймактык кызматташтыкты өркүндөтүүгө, Борбор Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Рахмон менен Токаевдин май айынын экинчи жарымында жолугаарын билдирген.