Бишкекте "Чоң илимге ташталган биринчи кадам" аттуу конференция өтөт
5-6-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Илим күнүнө арналган «Чоң илимге ташталган биринчи кадам» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы маалымдады. Конференциянын максаты-жаштар арасында илимди жайылтуу. Иш-чарага Кыргызстандагы окумуштуулар жана илим жолуна түшкөн жаштар, студенттер катышат.