Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Муну "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын Тоголок Молдо көчөсүндөгү №6-көп кабаттуу үйдө, Чүйдүн Пригородное айылындагы Новая, 8-март, Лесная, Островский көчөлөрүнө электр жарыгы берилбейт. Бул өчүрүүлөр тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болот.