Башкы прокурор Аида Салянова 2 күндүк иш сапары менен Жалал-Абад, Талас облустарында болду

Башкы прокурор Аида Салянова өткөн аптада 2 күндүк иш сапары менен Жалал-Абад жана Талас облустарында болду. Муну мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жалал-Абаддагы иш сапарынын алкагында Салянова Токтогул, Ала-Бука, Чаткал райондук жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаардык прокуратурасында болду. Чаткал райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, ал жерде отургандардын абалы менен таанышып чыкты.  

Талас облусуна барган Салянова Талас районунун Кум-Арык айылындагы жатак-мектепте болуп, окуучулардын жашоо шартынан кабар алды. Соңунда жатак-мектептин жетекчилигине ксерокөчүрмө аппаратын, окуучуларга таттууларды берди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан