21-октябрдан 25-октябрга чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети КРнын Эркин күрөш боюнча федерациясы менен биргеликте Ош шаарында семинар уюштурууда. Семинар эркин күрөш боюнча машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулуп жатат. Семинарга өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан район менен шаарлардын спорт мекемелеринде иштеп жаткан эркин күрөш боюнча машыктыруучулар катышууда. Иш-чаранын жыйынтыгында аталган федерация тарабынан машыктыруучуларга сертификаттар берилет.