Казакстандын Абай атындагы Улуттук опера жана балет театрында кечээ, 21-октябрда Кырыгызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул 20 жыл ичиндеги масштабдуу иш-чара. Эки өлкөнүн достугунун бекемделишине түрткү жана импульс бере аларына ишенем" дейт КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев.