
Дүйнөдөгү эң мыкты коронавируска каршы вакцина аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдагы Дүйнөлүк вакцина конгрессинин адистери коронавируска каршы мыкты вакцинаны аташты. Быйыл пандемияга байланыштуу конгресс онлайн режиминде өттү.
Дүйнөлүк вакцина конгрессинин адистери америкалык Moderna компаниясы өндүргөн вакцинаны коронавируска каршы мыкты вакцина деп табышты.
Moderna вакцинасы АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө колдонууга лицензиясы бар AstraZeneca, Bharat Biotech, Janssen, Medicago, Novavax, Pfizer-BioNtech, Sputnik V жана Zoetis вакциналарынан ашып түштү.
Ошондой эле конгресстин уюштуруучулары "Модернадан" алынган вакцинаны"эң мыкты жаңы технология" деп эсептешти. ДССУнун стратегиялык консультативдик тобунун маалыматы боюнча, COVID-19дан коргоонун натыйжалуулугу биринчи дозаны алгандан 14 күндөн кийин "Moderna" компаниясы тарабынан вакцина менен камсыздалат.