Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп 25 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шаарда баңгизатына каршы күрөшүү кызматы баңгизат сатуучуларга карата операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана бир полиция кызматкери каза болгон. Ошондой эле метронун ичинен эки шаар тургуну жаракат алган.
Операция бир канча саатка созулган. Шектүүлөр баңгизатын таратуу, адам өлтүрүү, балдарды уурдоо, унаа урдоо кылмыштарын жасап жүрүшкөн.