"Расмий чакыруу түшкөн жок". Казакстандын президенти дагы Орусиядагы Жеңиш парадына катышпайт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусияда өтө турган Жеңиш парадына катышпайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматчысы Берик Уали Фейсбук баракчасына жазганын аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Жеңиш парадына катышуу үчүн Орусиядан расмий чакыруу түшкөн эмес.

"Президент Касым-Жомарт Токаев Москвадагы Жеңиш парадына катышыбы деген суроо биздин дарекке көп келип түшүүдө. Бул боюнча Орусиядан расмий чакыруу түшкөн жок, ошондуктан президенттин Москвага барышы пландалган жок", - деген Берик Уали.

Белгилей кетсек, 9-майда Москвада Жеңиш парады өтөт.

Буга чейин, 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына Эмомали Рахмон катышары маалымдалган.

Ал эми президент Садыр Жапаров Улуу Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москвага барбай турганы буга чейин маалымдалган. Бул маалымат азыркы тапта дагы интернет желелеринде кызуу талкууланууда. SUPER.KG порталы президенттин маалымат катчысы Галина Байтеректен Садыр Жапаров эмне себептен Москвага барбай турганын сурап, төмөнкүдөй жооп алды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaynak
2021-05-07 10:14:36
Так что не переживай Кыргызстан.
+7
Bakyt.shutov
2021-05-07 10:29:27
Россия чекеден кидать этип жатат окшойт
+3
Mina24
2021-05-07 14:18:12
Туркия эле жетет колдоп атат турк боордоштор бар кудайга шугур
+3
dark_marks
2021-05-07 15:51:33
Бир гана Аллага ишениш керек. Керек болсо көлөкөң да түнү таштап кетээрин унутпайлы. Ошондуктан Кыргыз элим бир бололу
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан