Николай Дроздов ак илбирсти сактоо боюнча форумдун катышуучуларына кайрылуу жасады

"Жаныбарлар дүйнөсүндө" телеберүүсүнүн алып баруучусу Николай Дроздов 22-23-октябрда Бишкекте өткөрүлүүчү ак илбирсти сактоо боюнча форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады. Видеокайрылууда "Урматтуу достор! Ак илбирсти сактоо боюнча Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өтүүчү форум менен куттуктайм. Чындыгында, бул дүйнөлүк масштабдагы уникалдуу иш-чара. Ак илбирс Азиянын тоолорундагы баалуулук, келишимдүүлүктү көрсөтүп, экологиялык пирамиданын чокусунда турган планетадагы ары сулуу, ары табышмактуу жырткыч жаныбар",- деп билдирет. Мындан сырткары ден соолугуна байланыштуу форумга катыша албасын кошумчалады. 

  Белгилүү алып баруучунун кайрылуусу интернетке жайгаштырылган.

Николай Дроздов ак илбирсти сактоо боюнча форумдун катышуучуларына кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан