Голливуддун жылдыздары Бишкекте өтүп жаткан ак илбирсти сактоо боюнча форумга келишкен жок. Буга чейин уюштуруучулар жолугушууга Голливуддун жана дүйнөгө белгилүү спорт жылдыздары: Бред Питт, Форд Харрисон, атактуу теннисчи Роджер Федерер, Япониянын ханбийкеси, Орусиянын кино жана эстрада жылдыздары чакырылганын айтышкан эле. Бирок сентябрда өтүүчү форум Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинен улам 20-октябрга жылдырылгандыктан чакырылган коноктор келбей калышкан. "Башкысы жылдыздар эмес, форумдун өтүшү маанилүү. Биринчи жолу илбирс байырлаган өлкөлөрдүн өкүлдөрүн чогулттук. 2020-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программаны ишке ашырып, коомчулуктун көңүлүн жоголуп бараткан жаныбарга бурабыз деген ишеничтебиз",- деп билдиришти Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен.