"Учурда Кыргызстандын аймагында 8 миң баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок" -деп билдирди 22-октябрда отурумда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Ыргал Кадыралиева. Анын сөзүнө караганда бул сан айдан-айга өсүүдө. "Өзүңүздөр билгендей, бул балдардын арасында депутаттын, министрдин, байдын бир да баласы жок. Бул 8 миң баланын баары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. аянычтуусу бул сан улам өсүүдө. Мисалы, февралда Кара-Суу районунда изилдөө жүргүзүшүп, 1 миң 600 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталган. Бул сан 1-сентябрга карата 1 миң 900 баланы түзгөн",- деп билдирет Ы.Кадыралиева.