Ошто Кара-Суу району боюнча "положенец", Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Милиция кызматкерлери Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү, Кара-Суу району боюнча "положенец" деп аталып жүргөн адамды баңгизаты менен кармашты. КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Таалайбек Сусунбаев кармоонун жүрүшү тууралуу мындайча маалымдайт: 20-октябрда 

Ош ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин оперативдүү издөө иш-чарасынын жүрүшүндө "Камбар-Ата" чайканасынын жанынан Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургуну А.К кармалган.Текшерүүдө анын жанынан салмагы 17,1 граммды түзгөн баңгизаты-гашиш чыккан.  ИИМдин маалыматында ал Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болуп саналат жана мурун Кара-Суу району боюнча "положенец" аталып жүргөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган А.К. убактылуу кармалуучу жайга киргизилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан