Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 23-октябрдагы отурумунда "Каржы чалгындоосунун маалыматы боюнча акыркы жылда өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарын каржылоо үчүн Кыргызстанга 495 миллион сом келип түшкөн",- деп билдирди. Анын айтымында, эч кайсы орган бейөкмөт уюмдардын иш аракеттерин текшербейт. "Өлкөгө кирген каражаттын канчасы каржылоого жумшалып жатканы белгисиз. Каржы чалгындоосунун маалыматы боюнча Кыргызстанга 500 миллион сомго жакын акча келип түшкөн. Мен бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери чоң суммада айлык аларын билем. Аялдардын, майыптардын жана балдардын укуктарын коргоонун ордуна алар саясатка кийлигишип жатышат. Мен мыйзам долбоор менен, бейөкмөт уюмдарын чет элдик тыңчы деп атоонун сунуштайм",- деди депутат.