Чаткалдагы Беш-Арал коругунун 70 пайызы Өзбекстан менен чектешет

Бүгүн, 22-октябрда вице-премьер-министр Токон Мамытовдун Чаткал районуна болгон иш сапарында "Чаткалдагы мамлекеттик "Беш-Арал" коругунун 70 пайызы, тагыраак айтканда 216 миң чакырым жери Өзбекстан менен чектешет. Кызматкерлерди корукка жиберүү абдан кооптуу болууда",- деди аталган коруктун жетекчиси Райкан Аманкулов. Анын айтымында кызматкерлердин айлык акысы чоң көйгөйдү жаратууда. "Кызматкерлер 10-15 сутка корук ичинде иштешет. Алардын алган айлыгы 2000 сомдон 3000 сомго чейин. 2010-жылы жана 2011-жылы коруктун  кызматкерин Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкен"- деп кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан