Учурда Кыргызстанда кыргыз тилдүү 159 гезит, 25 телеканал, 26 радиостанция иштейт

Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын санын "Журналисттер" коомдук бирикмеси иликтеп, санап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарында өткөн басма сөз жыйынында билдиришти. Аталган коомдук бирикменин төрагасы Марат Токоевдин айтымында, бул иштин үстүндө 5 ай иштешкен. "Биз өлкөбүздө канча массалык маалымат каражаты бар, кандай түрлөргө бөлүнөт, канча журналисттер эмгектенет, алардын айлыгынын өлчөмү тууралуу так маалымат бергенге аракет кылдык. Кыргызстанда мындай иликтөө биринчи жолу болду жана маалымат алуу аябай оорго турду. Бирок биз кыйынчылыктарга карабастан иликтөөнү чыгардык,"-дейт М.Токоев. Сөзүн улантып Токоев: 

"Юстиция министрлигинен  1,5 миң массалык маалымат каражаты каттоодон өткөн. Алардын ичинен 206 салттуу ММКлардан (гезит, телеканал, радио, маалымат агенттиги) маалыматтар чогулган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыргыз тилдүү ММКлардан 159 гезит, 25 телеканал, 26 радиостанция иштейт. Ал эми орус тилдүүлөрдөн 71 гезит, 21 телеканал, 17 радиостанция иштейт. Иликтөөдө өлкөдө 1875 журналист эмгектенери жана анын 1031и   аялдар, ал эми 844ү  эркек болуп саналары көрсөтүлөт. Анын ичинде 1450 журналист штатта эсептелсе, калган 425и штаттан тышкары иштээри айтылат. Теле, басма сөз жана интернет-басылмалардагы журналисттердин көбү штатка кабыл алынган. Ал эми алардын аймактык жайгашуусу боюнча караганда, журналисттердин көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарында эмгектенсе, андан кийинки орунда Ош шаары турат.

Иликтөө 300 нускадан кыргыз жана орус тилдеринде чыкты. Медиакомпанияларга акысыз таратылууда,"-деп кошумчалайт.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан