Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Мектеп мугалимдеринин гезитке жазылуусу боюнча көрсөтмө берилген эмес" дешти тийиштүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, 30 жылдан бери мектеп мугалимдерин гезитке мажбурлап жаздырып келгенин айтты.

Жогоруда айтылган маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, бир гана "Кут билим" гезити министрликке карай турганын билдиришти.

"Жогорудагы гезиттердин ичинен министрликке "Кут билим" эле карайт. Министрлик мектеп мугалимдеринин гезитке жазылуусу боюнча көрсөтмө берген эмес, гезитти жайылтуу, сатып өткөрүү сыяктуу иштерди редакция өзү жүргүзөт. Баары ыктыярдуу түрдө, мажбурлоо жок.

Министрлик райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептин администрациясы тарабынан жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине, окуучуларга гезиттерди, журналдарды, ар кандай мазмундагы китептерди мажбурлоо менен сатууга тыюу салат. Бул бардык тиешелүү бөлүмдөрдүн жана уюмдардын жетекчилерине эскертилген", - деп билдиришти тийиштүү мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nina.alex
2021-05-10 17:06:50
Калп айта берет ушу министирлик.
+4
Dembele84
2021-05-10 17:17:00
Бир жагынан болбосо бир жагынан соруп турбаса болбойт экен да мамлекет.
+3
shahlet
2021-05-10 19:54:37
Бардык мектептерде ар 6 айда же 1 жылда газетага жазылуу болот. Бул мугалимдердин эсебинен
+2
ZALKARBEK.84
2021-05-10 20:15:03
Кут билимди деле завуч окуса керек, программалар бар экенго. Башка мугалимдер менимче окубайт, колдорунда интернет, дуйнону айланып турушат.
+2
kenen
2021-05-11 14:01:25
Мектепте эле эмес бардык мекеме-ишканаларда бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан