7-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Омск облустук ооруканасынын мурдагы башкы дарыгери Александр Мураховский табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Александр Мураховский Баслы айылынын аймагына жакын жердеги токойдон өзү байланышка чыккан. Ал дароо ооруканага жеткирилген жана абалы учурда канааттандырарлык экени белгилүү болду.
Буга чейин орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды дарылаган Александр Мураховский квадроцикл менен Омск облусундагы токойго кирип кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.